7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Кубан Чороевдин кол коюу барактары анык эмес

238

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп тааныды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-декабрдагы жыйында шайлоо фондунун каражаттарынан кол коюу барактарын даярдоого акы тѳлѳѳ күнүнѳ чейин даярдалган президенттикке талапкер Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу чечимин кабыл алды.

«Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат», — деп жазылат маалыматта.

БШКнын алдындагы Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматына ылайык, Чороевдин шайлоо фонду 2020-жылдын 11-ноябрында ачылган. Кол коюу барактарын даярдоо үчүн акы тѳлѳѳ талапкер Чороевдин шайлоо фондусунун каражатынан 2020-жылдын 3-декабрында жүргүзүлгѳн.

Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ «Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептелет» деп белгиленген.

Кубан Чороевдин кол коюу барактарын анык эмес деп таануу боюнча чечим кабыл алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239