7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Шайлоо жана референдумга 183 эл аралык байкоочу көз салып жатат

590

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү процессине 183 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады.

183 эл аралык байкоочу 31 мамлекеттен келишкен. Мындан тышкары, 11 коомдук уюмдун байкоочулары да бар.

Шайлоо процессин чагылдырууга 179 массалык маалымат каражаттары чагылдырууда.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү саат 08.00дө башталды.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591