7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК Жаныбек Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

871

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы депутат Жаныбек Абировду Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон баш тартты.

Чечим 2-августта БШКнын отурумунда кабыл алынды. Токтомдо Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Эскерте кетсек, Жаныбек Абиров депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, БШКга 28-июлда арыз жазган. Аны талапкер катары каттоо маселеси БШКнын жумушчу тобу карай турганы айтылган.

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

872