7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШКнын кызматкери талапкерден «алдыңкы тизмеге киргизем» деп 550 миң доллар алган

1116

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «А.Д.» аттуу жаран учурда БШКда эмгектенип жаткан «А.Э.»ге карата чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга арыз менен кайрылган.  «А.Э.» «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында «А.Д.»дан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 миң долларын жаран «А.Д.»га кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2021-жылдын 11-сентябрында «А.Э.»нын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Ошол эле күнү кылмыштын оордугун жана келтирилген зыянды эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө «А.Э.»ны УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1117