«Ысык-Көлүбүздүн экология темасын улай турган болсок, бул жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин колго алышты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда айтты.
«Тугандарга кайрылып кетет элем. Салган торлоруңар унутулуп калып, түшкөн балыктар чирип жыттанып кетип жатат. Бул эмне деген акмакчылык. Көлдүн түбүнүн баары эле тор болуп кеткен. Көлдүн түбү эле эмес тегерегинин баары таштанды»- деди президент.