Коомдук транспортко батпай калган окуучу кыз менен баланынын сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланып, талкууга алынды.
“Мэр баш болгон шаар жетекчилиги өздөрү жок дегенде кээде ушул автобустар менен жүрмөйнүнчө транспорт маселеси чечилбейт”, — деп жазган сүрөттүн автору Миржан Балыбаев.
Эске салсак, Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү пландоодо. Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлөрүн айткан.