7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бул сөздөрүм үчүн иштен алынсам керек, бирок…»-деген медиктин кайрылуусу

1881
Ош облустук төрөт үйүнүн башкы акушери Альвира Алибаева өзү иштеген ооруканага текшерүү келип кеткенден кийинки ойлорун, социалдык тармак аркылуу жарыялап, бул тармактагы ачуу чындыкты козгогон.  Алибаева бул создөрү үчүн иштен алынып же коомчулук алдында кечирим сурашы мүмкүн экендигин сезип жатканын, бирок жүрөгү чыдабай, баарына кайыл болуп бул катты жазгандыгын билдирген.
Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов Ош облустук төрөтканага рейд жүргүздү. Анда ал төрөткананын ашканасын, короодогу тазалыкты, кызмат көрсөтүүлөрдү текшерип, жыйынтыгында оорукананын чарбалык иши 80%га талапка жооп бербейт деп катуу сынга алган. 
Ош облустук төрөт үйү 1968-жылы 4000 төрөткө эсептелип курулган. Андан бери жарым кылым өттү. Азыр биз 9000-10000дин тегерегиндеги төрөт кабыл алабыз. Болгондо да Түштүк региону боюнча эң оор абалдагы бейтаптар бизге келет. Төрөттүн 75-80% патологиялык төрөттөр. Төрөт үйү резина эмес экен. Өзүңүз күбө болдуңуз, коридордо жатышат. Палаталарга кирип да койбодуңуз. Талап боюнча 20 чарчы аянтта 3 эне жана бала жата турган болсо, бизде 8 эне,8 бала жатат. Баары болуп 16 жан. Кызматкерлер менен саламдашып, бир ооз абалдарын сурап койсоңуз болмок. Тамак-аш даярдоочу бөлүмдө иштеген кызматкерди»кебетесин кара»-дейсиз.
А сиз, сурадыңызбы медиктерден «медициналык форма, бут кийим мамлекет тарабынан берилеби, каякта жууп-тазалайсыңар, чайды кайсыл жерде ичесиңер, эмне жейсиңер, кайсыл жерде кийим алмаштырасыңар, 24 саат, 15 саат, 9 саат заң, заара, кан-жин аралашып, жыттанган жерден жумуштан чыгып, кайсыл жерде жуунасыңар, душ барбы , айлыгыңар канча, күнүмдүк жашооңорго жетеби, айлыкты кыркпай толук эле төлөп берип жатышабы, пандемия учурунда иштедиңиздер, кандайдыр бир колдоо, мактоолор болдубу,?- деп эмнеге сурабайсыз?
Текшерүүдөн алдын биринчи биздин мекеменин ишмерлүүлүгү боюнча документтер менен таанышпадыңызбы? Жетекчиси ким, бухгалтериясы каякта деп. Эмне себептен чарбалык иштер 80% талапка жооп бербейт деп сурабайсызбы?
 Ашканадан ийреңдеп 2 челекке тамак көтөрүп келе жаткан кызматкерден «челек оор эмеспи, кыйналбадыңызбы, кандай кылса жакшы болот деп ойлойсуз?»-деп сурап койсоңуз, төбөбүз көккө жетип, сүйүнүп учуп кетмекпиз да.
Роддомдун аймагы медиктердин күчү менен тазаланып турат. Буттарын сүйрөп, бут кийими батпай калгыча чытырап шишип, күзөттөн араң чыкса «субботник»- деп алып калабыз.
Текшерүүгө келсеңиз оператору, сүрөтчүсү жок эле келсеңиз болсо керек эле?
Учурда, ар бир кызматкер биз үчүн абдан баалуу. Аларга аяр мамиле жасап, жакшы күндөргө үмүттөнүү менен, чымырканып, иштеп келебиз. Бир дарыгерди, акушерканы, медайымды такшалтып, даярдоо үчүн жылдар-жылдар кетет.
Кечеги дарбазанын сыртына чыгып алып, элге салып бергениңиз туура болбой калды. Сиздер, медициналык кызматкерлердин ар намысына шек келтирип, кебете-кешпирине асылтып, тебелеп, тепселөөдөн коргошуңуздар керек. Биз сиздерге таянабыз, ишенебиз. Ансыз да тажрыйба топтоп, дасыккан адис болгондо жумуштан кетип жатышат. Кетишет да анан, илгери үмүт менен 9 жыл окуп, ишке кирип 3000,4000 айлык алган врач. Учу жок, түгөнбөгөн текшерүүлөр, коркутуп, үркүтүүлөр, бейтаптардын туугандары сөгүп, уруп кетишет.
Дарбазанын ичине тамак-аш ,ж.б. ташуу үчүн кызматкерлер күзөттө турушат. Штатта каралган эмес. 40 градус ысыкта, суукта эмгек акы төлөнбөсө да, кың дебестен калкка кызмат кылган карапайым адистерибизге алкыштан башка айтар сөзүбүз жок. Биз деле карапайым калктын катарына киребиз, чиновниктер иштебейт.
Пандемия башталгандан күнү-түнү үйгө барбастан роддомдо калдык, ким ыраазы болду, эч ким!!! Эч ким!!! Баарын, алдын алуу иш чараларын жогорку деңгелде уюштуруп, кесиптик чеберчилик менен иштегенибиздин үзүрү: Пандемия учурунда, Ош облустук төрөт үйүндө COVID-19 оорусу кызматкерлер жана бейтаптар арасында жайылган жок жана төрөт үйүндө КАРАПАЙЫМ ЭЛГЕ, КАРАПАЙЫМ ЭЛЕ КЫЗМАТКЕРЛЕР үзгүлтүксүз кызмат көрсөттү.
Медициналык мекемелерди 100%камсыздоо болот деп ойлойсуздарбы? Жомок. Фондко акча топтоо боюнча, фонд эмес «демөөрчүлүк»-деп каалаганы берет, каалабаса бербейт. Эч кимдин чөнтөгүнөн кол салып, сууруп алышпайт. Ал акча ремонт иштери сыяктуу иштерге иштетилет.
Азыр баары тендер аркылуу келет . А тендер 1 жылда 4 же 2 жолу болот. Анда да поставщиктер болсо, болбосо тендерине эч ким, фирмалар катышпайт.
Мисалы, отоплениенин трубасы же батареясы тешилди, жарылды, суу агып жатат, кийинки тендер болгонго чейин оңдош керекпи? Же сууну, жылуулукту өчүрүп коюш керекпи? Же ЦСОдогу автоклавдын ТЭНи күйүп калды, кийинки тендерге чейин күтөбүзбү? ЦСО иштебесе ишкананы жабыш керек. Кир жуучу машина бузулуп калды, запчаст алыш керек, тендерди күтүш керекпи, же роддомду жаап коюш керекпи?Унитаздын үстүнө чыгып отурам деп, унитаз аңтарылып, сынып калды, душтун аристону иштебей калды, канализацияга тряпкасын салып жиберип, тыгылып калды, адис чакырыш керек, ж.б.ушул сыяктуулар, тендерди күтүп отура бериш керекпи?
Жыл сайын паланчанин жарлыгын, түкүнчөнүн жарлыгын банер чыгарып илиш керек. Плакаттар, полиграфиялык жумуштар болот. Демөөрчүлүк менен топтолгон акча ушундай нерселерге иштетилет. Бул жерде жетекчилерде күнөө жок, мамлекеттик система ошондой. Келген эле текшерүүчү коркутуп келет, кекетип, мокотуп, элдин алдында кагып, силкип, штраф салам деп.
Жазгандарым үчүн мени иштен алса алышат да эми, болгонун жаздым. Бир күн болбосо бир күн айтылат эле да. Жетекчилер да тилдейт эми «оозуңу, колуңу бирөө тырмадыбы, жөн эле отурбайсыңбы»- деп.
 Пандемия башталганда , эсиңиздерде болсо керек, 2 кызматкер «маска жок «-дегени үчүн жумуштан айдалып, кечирим сурашкан.  Мен да кечирим сурап калышым мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1882