7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бул ыкма үчүн 2 упай берилет» Айсулуу Тыныбекова кичинекей балбан кызга жолугууга даяр

1704

Кыргызстандын балбаны, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарга тараган кичинекей кыздын видеосу тууралуу пикирин жазды. Ал бул тууралуу оюн инстаграмдагы жеке баракчасына жазган. Ошондой эле, ал колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.

«Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?

Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби, ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!

Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы»,-деп жазган Тыныбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1705