Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Долбоордук офис» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтомго кол койду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдында түзүлгөн «Долбоордук офис» мамлекеттик мекеменин максаты
- Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин ишин уюштуруу жана консультациялык көмөктөшүү болуп саналат
- санариптештирүү чөйрөсүн, санариптик трансформациялоону, санариптик экономиканы түзүүнүн туруктуу механизмин түзүү жана өркүндөтүү;
- турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүн жаңы технологиялык ыкмага өткөрүү.
Долбоордук офис, — гранттык каражаттар менен жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдары менен каржыланат.