7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баяна Кулова: Анжелика элге жардам берип атам эле дейсиң, чөнтөгүңөн берип жаткансып

12157

Ырчы Анжелика Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш чарада «Жок  дегенде «Грамота» берилсе керек деп, ошол үчүн аракет кылдым эле» -деп билдирүү калтырган.

Ага коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жатат. Арасында катуу сынга алгандар да бар. Алардын бири, журналист Баяна Кулованын пикирин өзгөртүүсүз беребиз.

«Элге акыл кирсе да ушул кызга кирбеди.
Айланайын Анжелика, өзүңдү өлгүдөй акылдуу сезээрде артыңды бир карап койчу.
Бүгүн болгон бүткөн жерге мурдуңду чубап мага грамота беришеби дегем деп догурунупсуң. Сени ардак грамотадан айланып кет деген киши жок окшойт э.
Кечээ эле чолжоктоп Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге кошулуп Эл артисти сыйлыгына кошуп Токтогулдун лауреаттыгын алгансып «тапшырып салам»-деп болбогон төш белгиңди көтөрө чаап өпкөлөнүп атпайт белең. Сага сыйлыктын, грамотанын не кереги бар? Тапшырбай ардактап, барктап ала турган адамга берилсин. Сен ардакталгыдай ким элең чырагым. Түрктөрдүн эптеп түстүү принтерден чыгарган эки барагына да сүйүнсөң. Өкмөттүн кымбат ардак грамотасы чынын айтканда сендейлерге «просто жалко»
Элге жардам берип атам эле дейсиң, чөнтөгүңдөн берип аткансып. Элден чогултуп элге берипсиң, ну и что? Эси жок кыздай муну баардык жерге айта берип бүт топтогон соопторуңду төгүп бүттүң окшойт. И баса, эл кыйналганда чөнтөгүнөн миллиондорду берип элге кол сунгандар түз эле Токтогул сыйлыгын алып, генерал маршал болуш керек го ээ. Кудайга тобаа.

Бетиңе 40 тонна чаптабай, мээңе 1 тонна эле билим чаптап койчу. Кыжырды кайнатып улам эле чыга каласың түрктөрдүн эки барагын көтөрүп. Кой эми токтот, уят болгондон чарчабайт экенсиң го чиркин»-дейт журналист Кулова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12158