7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күйөөсү тепкичтен тоголото чапкан аял клубдун кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды

2412

Бишкектеги караоке-клубда эркек киши тарабынан зомбулукка кабылган жабырлануучу кыз эс алуучу жайдын кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин тактоодо.

«Социалдык тармакта тарап кеткен видеодогу жабырлануучу Д.А.нын жолдошу тасма жарыяланган күндөн тартып үйүнө бара элек. Ошондой эле, милиция кызматкерлери Д.А.ны коргоого алышкан. Ал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына караокенин жумушчуларына карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен арыз жазды. Бул факты КР Кылмыш -жаза кодексинин «Жеке жашоонун купуялуулугун бузуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Эске сала кетсек, администратор милицияга кабар бермекчи болгондо, жабырлануучу аял өзү каршылык көрсөтүп, урган эркек анын жолдошу экендигин, өз ара чырлаша кеткендигин айткан. Соңунда жубайлар ал жерден чогуу чыгып кетишкен.

Ошондой болсо да, Октябрь РИИБи жогорудагы факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2413