«Ыраматылык Жириновскийдин көзү өткөндөн кийин мамлекеттер аралык, эл аралык араздашууну атайылап курчутуп, ортого от салгысы келген ар кандай шовинисттик билдирүүлөрдү тараткандар жок болуп, кулак-мурун тынчып калгандай болду эле. Көрсө, Жириновскийдин көзү өтсө да анын “ишмердүүлүгүн” улантуучулар бар экен. Ал жалгыз Орусияга эле эмес, коңшу көз карандысыз, эгемендүү мамлекеттерге, кала берсе дүйнөгө маалымат тараткан “Россия-1” мамлекеттик телеканалынын бакандай журналисти Владимир Соловьев экени өтө өкүнүчтүү. Владимир Соловьев өзү алып барган көрсөтүүдө миллиондогон адамдарды каратып туруп “Орусия Украинага жасаган “атайын операциясын” Армения менен Борбор Азия мамлекеттерине да колдонуш керек” деген жалаң жаңжал чакырган оюн ачык билдирди. Бул эмне деген көрпенделик?
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан эзелтен Орусия менен тыгыз карым катышта, жакшы кошуналык, достук пейилде, тилекте, өнөктөштүктө жашап келет. Бу жарык дүйнөдө, Күн менен Айдын алдында ар бир элдин, мейли ал эл саны жагынан аз, же көп болсун өз алдынча мамлекет болуп, өз маселесин өзү чечип, ошол эле учурда башка элдерге көлөкө түшүрбөй, зордук-зомбулук көрсөтпөй эркин, куунак жашоого укугу бар. Ага Соловьевге окшоп башка мамлекеттин, болгондо да коңшу, дос мамлекеттин атуулу опурулуп, баскынчы саясаттын башын кылтыйтып айтканга акысы жок. Соловьевдин мындай орунсуз, опурталдуу, ачыктан ачык эл аралык араздашууга үндөгөн чакырыктары мурда да болуп келген. Анын 2022-жылдын күзүндө мамлекеттик «Россия-1» телеканалында сүйлөгөн сөзү Казакстанда нааразылык жаратып, маселе парламентте көтөрүлгөн. Соловьев анда «америкалык биолаборатория жайгашкан Алматыга сокку урууну» сунуштаган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Соловьевдун берүүсүндө айтылган Казакстан тууралуу пикирлер расмий Москванын позициясы эмес экенин белгилеген.
Дмитрий Песков Соловьевдун буусу муздай элек соңку билдирүүсүн кандай таризде жымсалдайт болду экен? Же эч нерсе көрмөксөн, укмаксан болобу?
Тынчтык-өтө азиз, ыйык, назик нерсе. Аны бузуу оңой, бирок кайра калыбына келтирүү кыйын. Булбулдун ырын бузгусу келген Соловьевдин бул билдирүүсүнө расмий Кремль ачык, түз жооп бериши зарыл деп эсептеймин».