Улукбек Мариповдун орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Бурулдай суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чүй облусундагы Чоң Чүй каналынын бүткөрүлө элек магистралдык каналдары менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев бир нече милдеттерди койгон.
— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу обьектилеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдалышын тездетүүсү;
— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын тилкесинде жердеги курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүүсү.
— Энергетика жана өнөр жай министрлигине электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизүүсү, ошондой эле чакан гидроэлектростанцияларды күчтөндүрүү жана жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүүсү.
Кеңешмеге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев, Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышты.