Кыргызстандын 6 жараны Бурятияда кулчулукта жүргөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, июндун башында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесине Бурятиянын Мухоршибирск районунун Нижний Шатай айылында жайгашкан жеке чарбанын аймагында Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Кыш мезгилинде Кыргызстандын алты жараны келишимдик негизде Бурятияга келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргызстандын жараны болгон. Эмгек акы төлөө жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан, жергиликтүү иш берүүчү мекендештерибиздин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган.
2021-жылдын 14-июнунда Бурятия боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөгү менен кыргызстандыктарга паспорттору кайтарылды. Эртеси күнү алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишти. Ал эми калган 3 кыргызстандык жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Эскерте кетсек, бул факт боюнча учурда Бурятиянын укук коргоо органдары тергөө алдындагы териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.