Париж Олимпиадасына жолдомо уткан Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
«Дүйнө чемпиондугуна чейинки басып өткөн жолубуз оңой болгон жок. Мен чемпион болгум келген, бирок бутумдагы жаракаттан улам беттешти уланта алган жокмун. Экинчи орунду алдым. Өлкөм үчүн Париж Олимпиадасына жолдомо уттум. Сарсанаа болбоңуздар, менде баары жакшы. Жаракатымды айыктыргандан кийин күрөшүүнү улантабыз. Машыктыруучума, жанымда болгондорго, мага күйөрмандык кылгандарга, баарына ыраазычылык билдирем», – деди ал.