7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУ чек арадагы кагылышуудан жабыр тарткан элге жардам бермей болду

1980
Бириккен улуттар уюму жабыркаган элдерге жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Абдувахап Нурбаев өздүк баракчасынан кабарлады.
Бүгүн, 3-май депутат Абдувахап Нурбаев менен Каныбек Иманалиев   БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугуп, өлкөдөгү акыркы окуялар жана мындан аркы кадамдар тууралуу сүйлөшүшкөн.
«Озонниа мырзага кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда Кыргызстандын эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди, келишимдерин толук аткарганын, кырдаалды сүйлөшүү жолу чечүүгө жетишкенин билдирдик. Ошондой эле жабыркаган элге ар тараптуу жардамдарды караштырып көрүүнү, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирдик», -деп жазап депутат Нурбаев .
Озонниа Ожиело эртеңден баштап БУУнун структура өкүлдөрү Баткен облусуна барып, жабыркаган эл менен жеринен сүйлөшүп, изилдөө жүргүзөөрүн, андан кийин толугу менен жардам берилээрин билдирген.
Жолугушууда мындан ары коңшулаш өлкөлөр ортосунда ынтымакты сактоо, кызматташтыкты бекемдөө үчүн Орто Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын жыйынын уюштуруу макулдашуу жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1981