7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бычак менен коркутуп, сабап, айылдын четине алып барып…» Чүйдө каракчылыкка шектелген жарандар кармалды

1098

Чүйдө каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

28-мартта милицияга жигит арыз менен кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында эч себепсиз аны сабап, бычак менен коркутуп, унаага салып, айылдын четине алып барып, 11 миң сомун тартып алган жарандарга чара көрүүнү суранган.

Жигит алган жаракатынан ооруканага кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган эки жигит, 1994-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1099