Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге Казакстан Республикасынын Алмата шаарындагы 28 баатыр-панфиловчунун урматына тургузулган Даңк мемориалына барып, Улуу Ата-Мекендик согушта эрдик көрсөткөн жоокерлерди эскеришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында өчпөс отко да гүлчамбар коюлду.