7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл 147 миң бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады

1

Бүгүн Кыргызстан боюнча 147 миңге жакын бала мектеп босогосун биринчи жолу аттады. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, жаңы окуу жылында өлкөдө 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Быйыл 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабы башталды. Анын алкагында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстын окуучулары жаңы системага өтсө, 4, 9, 10 жана 11-класстар 11 жылдык программа менен окуусун улантат.

Өлкөдө жалпы 2374 мектеп бар. Анын 2132си мамлекеттик, 242си менчик. Билим берүү тармагында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин жаңыланган 49 мектеп жана 7 бала бакча пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

2