Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2024-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3750 АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдады.
Ажыга барууга 2000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин 2000$ АКШ доллардан калган 1750$ (миң жети жүз элүү) АКШ долларын төлөшү керек.