7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатылбайт

683

Быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Ошондой эле, Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Азаттыкка” билдирген.

“Бул экологияга көңүл буруу үчүн жасалып жаткан иш. Бишкекте көп жылдан бери эле ыш маселесин көтөрүп келатабыз. Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салсак, ышты бир аз болсо да азайтат деп жатабыз”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Кара-Кеченин көмүрү Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына сатыла берет. Андан тышкары Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кеченин 600 миң тонна көмүрү жагылат. Кара-Кеченин көмүрүнүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684