2021-жылы Кыргызстанда биринчи жолу спорттун ММА түрү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мындай спорттук иш-чара Орто Азияда алгачкылардан болуп уюштурулганы жатат, жана Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Дүйнөлүк ММА-GAMMA ассоциациясынын Кыргызстандагы федерациянын президенти Азиз Муратов билдирди.
Анын айтымында, масштабдуу спорттук иш-чара 2021-жылдын 21-июлунан 26-июлуна чейин уюштуруу мерчемделүүдө.
«Кыргызстанда ММА боюнча биринчи чемпионат өткөрүлөт жана ага Азиянын GAMMA курамына кирген бардык өлкөлөр катышат алышат. Бардыгы федерациянын тартиби менен каралат. Ага эч кандай өзгөртүү киргизе албайбыз. Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандан Адилет Нурмаматов 2019-жылы Сингапурда өткөн таймашта 3-орунду ээлеген. Ал эми ММА&PF федерациясы Кыргызстанда 2018-жылдын сентябрь айында түзүлгөн. Юстиция министрлигине 2019-жылдын 27-ноябрында катталган. Ал эми эл аралык лицензияны 2019-жылдын 27-ноябрында алдык», — дейт ал.
Ал эми журналисттердин «иш-чара ким тарабынан каржыланат?», — деген суроосуна Федерациясынын ардактуу президенти Жайнак Үсөн: «Каржылоо демөөрчүлүк кылып өткөрөбүз деп пландап жатабыз. Эгер мамлекеттик имаратта өткөрүлө турган болсо гана өкмөт тарабынан колдоо ала алабыз деп ойлойбуз. Эгер андай болбосо өзүбүздүн күчүбүз менен демөөрчүлүктүн алкагында уюштурабыз», — деп жооп берди.