Жыл башынан бери Нарын облусуна 100 миңден ашуун турист келген. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн кеңешмеде белгилүү болду.
«Быйылкы жылы келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду. Тактап айтканда, 2022-жылдын 9 айында 32 813 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, быйылкы жылдын 9 айында туристтердин саны 100 миң 630ка жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү»,- деп берилет маалыматта.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, туризм тармагындагы мындай өсүш бул тармакка жетекчилик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, туура багытта иш алып барылып жаткандыгынан кабар берет.