7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бюджетке 400 млн салык төлөбөй жүргөн жаранга издөө жарыяланды

150

Мамлекеттик салык кызматы «НОМОС» ЖЧК компаниясынын уюштуруучусун миллиондогон сомдук  салыктык мыйзам бузуулары үчүн издөө жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

«Маалыматка ылайык, 2024-жылдын август айында катталган аталган ишкана кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстандын аймагына 3 миллиард 506 миллион 184 миң 546 сом суммасындагы азык-түлүк товарларын (ананас, жүзүм, дарбыз, апельсин ж.б.л) алып келген.

Бирок, расмий салыктык отчетунда бул товарларды андан ары сатуу жөнүндө эч кандай маалымат жок. Натыйжада 400 млн сом өлчөмүндө салык төлөбөй коюу коркунучу пайда болду.

“Компаниянын негиздөөчүсү Токтосунова Асия Адылбековна болуп саналат.  Анын  атына дагы беш компания катталган. Алардын бир бөлүгү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоо менен да алектенери кошумча аныкталды. Бул фирмалардын биринин дагы ишкердиктин белгилери жөнүндө маалыматтары жок жана өлкөнүн бюджетине бир да сом салык төлөгөн эмес”, — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик салык кызматы А.А. Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат.

Салык кызматы Токтосунова Асия Адылбековнаны (0312) 62-11-52 телефону же  salyk@salyk.kg  электрондук почтасы аркылуу байланышка чыгууну суранат.

 

151