12-июлда Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.
Бул эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алып, Афганистан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү.
Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалына ээ болду. Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев турнирдин жеңүүчүлөрүнө кубокту тапшырды.
Турнирдин жыйынтыгы:
- 1-орун – Иран;
- 2-орун – Кыргызстан;
- 3-орун – Өзбекстан;
- 4-орун – Тажикстан;
- 5-орун – Афганистан;
- 6-орун – Түркмөнстан.