7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Үч эсе өскөн бюджет, санариптештирүү”. Ачык кеңешме өттү

226

Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарында борбор калаанын “Шаардык жол-транспорттук” инфратүзүм муниципалдык ишканасынын былтыркы жылга карата отчёттук иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарада муниципалдык ишкананын директору Бакай Асылбек уулу ишкананын бюджети 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөнүн белгиледи.

“Биздин кызматкерлерибиздин күнү-түнү тынбай кылган эмгегинин негизинде бюджетибиз 8 айда 134 миллиондон 400 миллион сомго жетип, рекорддук көрсөткүчтү багындырдык. Буюрса быйылкы жылы бюджетти 500 миллион сомго жеткирүү планын коюп жатабыз”, — деди Бакай Асылбек уулу.

Ошондой эле ал өз сөзүндө учурда шаардын борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайларга QR-код системасы орнотулуп жатканын белгилеп, жакынкы аралыкта Бишкектин борбору толугу менен автоматташтыруу системасына өтөрүн айтты. Бакай Асылбек уулу белгилегендей, QR-код системасынан түшкөн каражат түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт.

227