Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 000 сом акча каражатын которуп жаткан учурда Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.
Тактап айтканда кармалган инженер Аламүдүн райондук электр тарматарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн КРнын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345 (Пара берүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү системасында катталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.