7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй: Энергетиктер бүгүн кечке чейин маяналарын алышат

564

7-каналдын түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраевге айлык маяна ала албай жатабыз деген кызматкерлердин айлык акысы бүгүн берилет. Бул туурасында Чүй электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматынан Тилек Рыскулов билдирди.

«Айлык ала элек кызматкерлердин карточкасына маяналары бүгүн, саат 10-11лерде которулган. Алар кечке чейин акчаларын колуна алат»,- деди ал.

Эскерте кетсек, Чүй электр тармактар ишканасынын бир топ кызматкерлери январь айындагы маяналарын алыша электигин ишкананын кызматкерлери 7-каналга билдирген эле.

Бул маселе Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин 22-февралдын кечинде 7-каналдын түз эфирдеги “Актуалдуу” көрсөтүүсү учурунда да көтөрүлгөн. Министр окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, 23-февраль толугу менен эмгек маяна берилип бүтөрүн билдирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565