Жумакадыр Курмангалиев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Жумакадыр Курмангалиев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызмат ордуна дайындалды. Аны эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалады.
Курмангалиев 1962-жылы 9 -сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.
1983- жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин “Хор дирижеру”, 1992 -жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.
2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.