7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунан 200дөн ашуун бала «Алтын балалыкка» эс алууга жөнөтүлдү

403

Чүй облусунан 200дөн ашуун бала жайкы эс алууга Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реаблитациялык борборуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Буга чейин 10-июндан 17-июнга чейин окуучулардын биринчи агымы барып келишкен, ал эми экинчи агымы 17-июндан 24-июнга чейин эс алышат.

Чүй облусунун ар бир айылынан эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, мелдештердин, спорт оюндарынын жеӊүүчүлөрү, республикалык, улуттук олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү, катышуучулары, мыкты окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары эс алуучу борборуна барууга мүмкүнчүлүк алышты.

Аталган борбордо балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, анын ичинде тамак-аш, оюн-зоок жана ар кандай майрамдык иш-чаралар болот.

Балдардын коопсуздук маселеси президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин жеке көзөмөлүнө алынып, ар бир райондон жана шаарлардан балдарды коштоп баруучу мугалимдер бекитилген.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

404