7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунун жашоочусунан курал, ок-дарылар табылды

559

Чүй облусунун жашоочусунан курал, ок-дарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаарда жашап жүргөн жаранды кармашкан.

Чүй облусунун жашоочусу 1980-жылы туулган Е.А. уттуу жаранга таандык номурлары өчүрүлгөн «Winchester» ок атуучу куралы, Макаров тапанчасынын 30 огу, Калашников автоматы, андан сырткары, РПГ гранатомету, РГД-5 кол гранатасы табылды.

КРнын Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча сотко чейинки өндүрүштү Биринчи Май райондук милициясынын Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, табылып алынган куралдарга жана ок-дарыларга тиешелүү комплекстүү экспертизалар дайындалды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560