Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктаган киши 10 жылга камоо тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Маалыматка ылайык, майып кызды зордуктоого айыпталган 37 жаштагы адамды 10 жылга камады. Айыпталуучу кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кыздын майып экенин билип туруп, аны эркине каршы зордуктаганын айтты.
«Кыз тубаса шал болуп туулган, окуя болгон март айынан бери атайын баш калкалоочу жайда турат»,-дейт «Теңдик» коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунова.
27 жаштагы майып кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин буга чейин Ысык-Көл райондук соту караган.
Сот айыпталуучуну Кылмыш кодексинин 161-беренеси (“Өмүрүнө коркунуч келтирген коркутуу менен зордуктоо”) боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыраткан.
Сот чечимине нааразы болгон тарап кийинки инстанцияга кайрылган.
Белгилей кетсек, укук коргоочулар жалпы запкы көргөн аялдардын канчасынын майыптыгы бар экенин тактоо мүмкүн эместигин белгилеп келишет. Алардын айтуусунда 2017-жылы кабыл алынган «Үй-бүлөлүк зомбулук» жөнүндөгү мыйзамда майыптыгы бар адамдар тууралуу эч нерсе каралган эмес.