7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылып, автобустардын кыймылы өзгөрөт

229

Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылып, автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Мэриядан билдирди.

Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат. Мындан улам, 31-марттан тартып, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрөт.

Ж.Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн аралыгында №№5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттары Фрунзе көчөсү аркылуу жүрөт. Ал эми №№7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттары Киев көчөсүнө багытталат. Мындан тышкары, транспорт каражаттары үчүн светофорлордун иштөө убактысы жөнгө салынат.

Белгилей кетсек, жер алдындагы өтмөк эскалаторлор, заманбап лифттер жана социалдык-сервис объекттери менен жабдылат. 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай борбордук көчөлөрдөгү жүктөмдү азайтып, унаа токтотуучу орун табууну жеңилдетет.

Бул долбоордун негизги максаты — шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө жана кыймылы чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

 

230