Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында заманбап көчөткананын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Долбоор “Улуттук көчөтканалар системасынын потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен токойлорду калыбына келтирүү” багытында ишке ашырылууда.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Корея Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарнын өкүлдөрү катышты.
Аземде эки өлкөнүн өкүлдөрү токой чарба тармагындагы кызматташтыктын маанисин белгилеп, тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана токойлорду калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бак-дарактар отургузулуп, кыргыз-корей кызматташтыгынын символу катары көчөткананын курулушуна капсула салынды.
Долбоор улуттук көчөтканалар системасын өнүктүрүүгө, сапаттуу көчөттөрдү өстүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө багытталган.



