7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Чүйдө 2 аял WhatsApp аркылуу жаранды алдап, 65 миң сом акчасын котортуп алган

232

Сокулук районунда каржы пирамида уюштуруп, жабырлануучуларга олуттуу өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирген дагы бир аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августта Сокулук РИИБге арыз менен 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран кайрылып, арызында “А” жана “Г” аттуу чала тааныштары «whatsapp» мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем” деп алдап 65000 сом акча каражатын “М Банк” жана “Оптима” банкынын эсебине котортуп алып, качып жүргөндүгүн билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Сокулук РИИБге катталып, КЖКнин 221-беренесинде көрсөтүлгөн (Финансы пирамидаларын уюштуруу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин “А” аттуу аял Бишкек шаарынын тургуну 1985-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

16-августта Ж.А. аттуу жарандын кылмыштык шериктеши “Г” аттуу жарандын өздүгү 1983-жылы туулган С.Г. аттуу жаран экендиги аныкталып, ал аталган кылмыш иши боюнча  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда шектүү С.Г. аттуу жаран Ж.А. аттуу таанышы менен биргеликте «whatsapp» мессенджеринде карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган “Ийгилик”, “Оомат”, “Акча Салмай”, “Береке”, “Алтын Ынтымак” жана башка бир нече тобун түзүп, аларга “кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем” деп алдоо жолу менен акча каражаттарын “М Банк” жана “Оптима” банкынын эсебине котортуп алып, материалдык пайда көрүп жүрүшкөнү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

233