Кечээ, 9-августта, Кара-Балта — Степное жолунда үрөй учурган кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Toyota Carina жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар карама-каршы багытта келе жатып кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Toyota унаасынын айдоочусу каза болуп, үч жүргүнчү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.
Сүзүшкөн эки машинанын айдоочулары ага-ини туугандар болгону айтылган.