7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 25 жаранга мыйзамсыз жер саткан мамкызматкерлер кармалды

9

Чүй облусунун, Байтик айыл өкмөтүнүн аймагынан 2019–2024-жылдар аралыгында 25 жаранга кезексиз жана мыйзамсыз түрдө 2 гектардан ашык жер тилкеси берилген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип мамкызматкерлер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кармалды.

“Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелерин аффилирленген адамдарга каттап, андан соң сатып, пайда табуу максатында уюштурулган коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Бул кылмыш ишинин алкагында, Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1975-жылы туулган А.А. жана айыл өкмөтүнүн учурдагы жер адиси, 1992-жылы туулган С.Б.
кармалды”, — деп берилет маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын да бул схемага катыштыгы аныкталып, төмөнкү жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

  • Ч.Ж. – 1992-жылы туулган
  • А.М. – 1987-жылы туулган
  • Э.Ю. – 1991-жылы туулган

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо багытында тергөө иштери жүрүп жатат.

10