7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 28 айыл таза суу менен камсыз болот

284

2030-жылга чейин Сокулук жана Панфилов райондорундагы 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, натыйжада эки райондун 100 миңге жакын тургуну коопсуз суу менен камсыздоого жеткиликтүү болот.

Бүгүн аталган эки райондо «Суу менен камсыздоо жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк — 1-фаза» программасын ишке ашыруунун алкагында жыйындар өтүүдө. Аталган программа Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнү департаментинин долбоорлорду ишке ашыруу тобу тарабынан ишке ашырылууда.

285