7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 52 жаштагы аялды тоноого шектелген жаран кармалды

575

Чүй облусунун милиция кызматкерлери аялды тоноого шектелген жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде саат 08:30дар чамасында Аламүдүн айылынын көчөлөрүнүн биринен белгисиз адам ага кол салып телефонун жана 5 миң сом акчасын жулуп алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Чүй облусунун тургуну аныкталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

576