Базар-Коргон райондук администрациясынын, РИИБдин, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында биргелишип иштөө зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын жана Арстанбап, Талдуу-Булак, Сейдикум айыл аймактарынын тургундары менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, суицид, эрте никеге туруу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 3 ай аралыгында Базар-Коргон районунда 17 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталып, 17 коргоо ордери берилген.
Берилген коргоо ордерлери боюнча РИИБдин участкалык инспекторлору тарабынан көзөмөл карточкаларын ачылып 3 күндүк мөөнөткө каттого алынып, тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.