7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 900 метр телефон зымдарын уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

538

31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан ишканалардын биринин 400 метрлик телефон зымын уурдоого шектелип 1994-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ИИБнө уурдоо фактысы боюнча маалымат 1-ноябрь күнү келип түшкөн.

«Келтирилген матиалдык чыгым 80 миң сомго бааланган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Натыйжада кылмышка шектелип 1994-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда 500 метрлик зым уурдалып, келтирилген чыгым 99 миң сомду түзгөн. Жогорудагы факты да бирдиктүү реестрге катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539