7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө абактагыларга делген азык-түлүктү уурдаган түзөтүү мекемесинин кызматкерлери кармалды

316

Чүй облусундагы түзөтүү мекемесинин кызматкерлери азык-түлүк уурдап кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө түзөтүү мекемесинин финансы-чарбалык бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо кызматкерлери узак убакыт ичинде түзөтүү мекемесинен азык-түлүк уурдап, андан кийин пайда табуу үчүн сатып жүрүшкөнү аныкталган.

«Кызматкерлер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, түзөтүү мекемесинин кампасынан тамак-аш азыктарын алып чыгып, аны фигуранттардын биринин жеке үйүнө сактоого которушкан, ал жерден тергөө органдары алып кетишкен. 38 мүшөк таруу, ун, перловка жана күрүч алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

20-декабрда тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда түзөтүү мекемесинин 3 кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сот тарабынан кармалгандардын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалды.

 

317