Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына аткезчилик күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.