Кечээ, 23-мартта өлкө боюнча 199 жубайлар өз мамилелерин каттатышкан. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан Бишкекте 104 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырышса, Бишкекте 62, Ошто 8 түгөй баш кошушкан.
«Статистикалык маалыматтарга ылайык, жаңы үйлөнгөндөр өзгөчө күн үчүн кызыктуу даталарды тандап алууда. Бүгүнкү күндө үйлөнүү үлпөтүнүн кооз датасын тандоо тенденциясы – күндүн, айдын же жылдын сандары кайталанган тегерек даталар, «күзгү даталар» же Валентин күнү жаңы үйлөнгөндөр арасында абдан актуалдуу», — деп берилет маалыматта.