7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: «Жол курууга 699 жаңы техника сатылып алынды, алгачкы бөлүгү май айында келет»

520

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, жол куруу тармагына жаңы техникалар алынганын, анын алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында Кыргызстанга келе турганын фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Быйыл, 2023-жылы, жолдорду куруу, оңдоо, тазалоо жана транспорт-жол тармагына зарыл болгон башка 669 даана атайын техниканы сатып алабыз. Алардын бир бөлүгү май айында келет. Президент Садыр Жапаров кайсы гана тармак болбосун, керек болгон техникаларды жаңылоо тапшырмасын коюп, бул багытта иш кызуу жүрүп жатат. Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгында мамлекеттин бюджетинен каржыланып техникалар алынган учурлар аз эле болгон, анда дагы аз сандагы техникалар.

Транспорт министрлигинин балансында 1500дүн тегерегинде техника бар жана анын көпчүлүгү иштебейт. Пайдаланып жаткан атайын техникалардын айрымдары 1985-жылдары алынып, кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле өтүп кеткенине карабай улам оңдоп колдонуп келишет. Учурда мамлекеттин экономикасы оңолуп, жаңы техникаларды сатып алганга кубаты жетти. Бул жылга алына турган 669 техниканын 265 даанасы май айында Кыргызстанга келип, пайдаланууга берилет. Бул үчүн мамлекет 686 миллион сомдон ашык акча каражатын которуп берди.

Керектүү техникаларды сатып алуу муну менен эле чектелбейт. Муктаждыкка жараша зарыл техникаларды сатып алууга мамлекеттин шарты бар”-дейт Орунбеков.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

521