7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10 жаштагы манасчыны Бишкек мэри кабыл алды

524

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Касымбек Бердигулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Учурда Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт. Ал 33 200 окуучу катышкан “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын уюштуруу тобу менен 44 район, 32 шаарды кыдырып, Манас айтып келген.
Манастын 3 окуясын жатка билген Касымбек шаар жетекчисине анын бир окуясынан үзүндү айтып берди.

Баарлашуу учурунда мэр Касымбектин Манас дүйнөсүнө кандайча аралашып калгандыгына кызыкты. Анда ал, айылына чоң манасчылар баргандыгын, ошондон улам кызыгуусу артып, кичине инисине Манасты айтып берип, жаттатып жүрүп өзү дагы аралашып кеткендигин сөз кылды.

Манасчыга калаа башчысы ыйык өнөрдү аздектеп жүргөндүгүнө ыраазычылыгын айтты.

«Манас кыргыз элинин көөнөрбөс рухий байлыгы. Аны ар бир кыргыз билиши керек. Биздин ата-мурас салтыбыз, үрп-адатыбыз, дилибиз, тилибиз анда камтылган. Башка улут бизди көптөгөн баалуулуктарыбыз аркылуу улут катары тааныган болсо, ошонун сап башында Манасыбыз турат. Бул ыйык өнөрдү ушул жаштан аздектеп алып жүргөндүгүң — бул сенин кыргыз элинин уучу куру эмес улут катары кылымдарга жашап кала берээринин чоң белгиси. Баарыбыз сенин бул жөндөмүнө суктанабыз, сыймыктанабыз жана ар дайым колдоп турабыз. Ак жолуң ачылсын»- деди мэр Эмилбек Абдыкадыров.

Касымбек Бердигулов жалпы Баткен облусунан чыккан биринчи жана кичинекей манасчы.

Жолугушуунун соңунда шаар жетекчиси манасчыга жакшы тилектери менен бирге белектерин тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525