Орусиялык ютуб-блогер Лариса Булина (Сарышка каймана аты менен белгилүү) MITT-2023 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө кыргыз эли тууралуу айтып берди.
Маалыматка ылайык, 2 жылдан бери блогер катары бул жакка келип-кетип жүргөн. Ага Кыргызстандын атынан сөз сүйлөө сунушу түшкөн.
«Мага Кыргызстан эмнеге туризм үчүн эң мыкты өлкө экенин айтып берүүгө 20 мүнөт гана берилди. Мынча аз убакытта эмнени айтып бергени жетишем — деп аябай көп ойлондум. Ошентип, бир чечимге келип кыргыз эли тууралуу айтып берүүнү чечтим. Адам эң башкы баалуулук эмеспи. Анын боорукерлигине, ак көңүлдүгүнө, меймандостугуна эч бир тоолор жана көлдөр тең келе албайт. Сөз сүйлөп жатканда, сөздөрүмдү уккан залдагы адамдар көздөрүнө жаш алышты. Мен өзүм менен сыймыктанам» — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram