Боом капчыгайындагы “Кербен” кафесинин аймагында жол жээгиндеги бадалдар менен электр мамылары өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң районундагы Көк-Мойнок 2 айылында токойдон өрт чыккан, өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 2 бөлүм, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 28 куткаруучу, Токой чарбасынан 16 кызматкер, саат 14:40та кошумча Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Боом капчыгайында жайгашкан «Кербен» кафесинин аймагындагы токойдон чыккан өрт саат 14:10до өрт чектөөгө алынган.