7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө добуш сатып алууга шектелген талапкер жоопкерчиликке тартылат

126
Чүй облусунда шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Б.Б. өзүнүн штаб башчысы М.З. аркылуу көк- бөрү оюнуна тай казан сатып алууга 800 миң сом бөлгөн. Жеке ишкер Н.Р. тай казанды даярдап, Сосновка айылына пайдаланууга өткөрүп берилген. Мындай жол менен Б.Б. жана анын тарапташтары шайлоочулардын колдоосун мыйзамсыз жол менен камсыз кылууга аракет көрүшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдар тергөө органдарына жеткирилген, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилет жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
2025-жылдын 13-ноябрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, белгиленген кандидатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү Чүй ОИИБинин өтүнүчү канааттандырылды.
127