7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө эжеси инисин жип менен муунтуп өлтүргөн

6652

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБүнө Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денени кароо учурунда анын дене жаракаттары байкалып, ал 1985-жылы туулган А.М. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренси (Киши өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын бир тууган эжеси 1982-жылы туулган А.Т. кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 2021-жылдын 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөрүшүп, эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6653